Ак-Сууда көп убакыт аялына зомбулук көрсөтүп жүргөн жаран кармалдыБишкекте 16 жашар окуучу кыз 3 күндөн бери изделип жататЖумуш таап берем деп чакырып, 18 жашар кызды зордуктаган. Сот аны 3 жылга кестиӨлкөдөгү мечиттерде жаан, кар тилеп сыйыныштыБүгүн Садыр Жапаров туулган күнүн белгилеп жатат. Аны кимдер куттуктадыБишкекте үйлөрдүн баасы дээрлик 30%га өстү
Кыргызстанда TikTok чектөөгө алынат
17.04.2024 | 11:23
Кыргызстанда TikTok социалдык тармагы чектөөгө алынат. Бул тууралуу маалыматты Reporter.kg’ге Санариптик өнүктүрүү министрлиги ырастады.
Байланыш операторлоруна аталган тармакка кирүүнү чектөө боюнча кат жөнөтүлдү.
Ага “Балдардын ден соолугуна, алардын физикалык, руханий жана нравалык өнүгүүсүнө зыян келтирүүнү болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө” мыйзамдын талаптары себеп болгону айтылат.
Белгилей кетсек, буга чейин дагы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргызстанда TikTok’ту жабуу тууралуу чечим кабыл алган. Бирок аны Санариптик өнүктүрүү министрлиги техникалык жактан ишке ашыра алган эмес.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат