Маданият министрлиги TikTok’ту жабуу чечимин кабыл алды

Маданият министрлиги TikTok’ту жабуу чечимин кабыл алды

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргызстанда TikTok’ту жабуу тууралуу чечим кабыл алды.

Министрлик билдиргендей, алардын дарегине бир катар бейөкмөт уюмдардын TikTok социалдык тармагынын балдардын психикалык өнүгүүсүнө жана ден-соолугуна тийгизген терс жана зыяндуу таасирине байланыштуу тынчсызданган кайрылуулары көбөйгөн.

«Белгилей кетсек, TikTok колдонуучуну кыска клиптердин виртуалдык дүйнөсүнө батырат, аларды көргөндөн кийин өспүрүмдөр тигил же бул клиптерди кайталоого аракет кылышат, алардын айрымдары балдардын өмүрүнө коркунуч туудурат. Мындан тышкары, балдардын жаңы калыптанып келе жаткан психикасы али туруктуу эмес, мындай контент көз карандылыкты жаратып, өсүп келе жаткан муундун эмоционалдык абалына терс таасирин тийгизет.

Ага байланыштуу министрлик тарабынан бул социалдык тармактын контентине мониторинг жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө TikTok платформасын колдонууда балдардын ден-соолугуна жана өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү маалыматты чектөөлөр жана ошондой эле курактык категорияны контролдоо функциялары киргизилбей жаткандыгы аныкталган», — деп билдирет министрлик.

Министрлик көптөгөн кайрылууларды эске алуу менен жана жүргүзүлгөн мониторингдин негизинде TikTok кызматын жайылтуу ишин токтотуу жөнүндө чечим кабыл алганын билдирди. Бул чечим  Санариптик өнүктүрүү министрлигине жөнөтүлгөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>