Ош шаарында Мамлекеттик туунун 34 жылдыгы белгилендиКыргызстанда нан кайсы жерде эң кымбат жана эң арзан?Саламаттык сактоо министри түштүк аймактардагы дарыканаларда электрондук базанын иштешин текшердиТамак-аш, жатакана жана эвакуация: Кыргызстан Жакынкы Чыгыштагы өз жарандарын таштаган жокКыргызстан 2026-жылы азык-түлүк бааларынын өсүшү боюнча дүйнөдө 14-орунду ээледиMUHAMET MALO-2026: Кыргызстандык балбандар 9 медаль жеңди
Садыр Жапаров Астанадагы Манастын эстелигинин ачылышына катышат
17.04.2024 | 14:54
Президент Садыр Жапаров 18-19-апрелде Казакстанга расмий сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүм башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
Расмий сапардын алкагында Жапаров Касым-Жомарт Токаев менен жолугушат. Андан тышкары Астанадагы Манастын эстелигинин ачылышына катышат.
Сапарга карата «Кыргызстан – Казакстан» бизнес-форуму, аксакалдардын жана чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрүнүн тегерек үстөлү, кыргыз-казак жаштар форуму жана илимпоздордун «Кыргызстан жана Казакстандын актуалдуу маселелерин чечүүдө илимди өнүктүрүү келечеги» форуму сыяктуу бир катар иш-чаралар белгиленген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом