Кыргызстанда жарандар азыраак эс алып, көбүрөөк иштей баштайт

Кыргызстанда жарандар азыраак эс алып, көбүрөөк иштей баштайт

Кыргызстанда жарандар азыраак эс алып, көбүрөөк иштей баштайт.

Министрлер кабинети Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу чечим кабыл алды. Ага ылайык айрым майрам күндөрү иш күнү болот. Эми бул өзгөртүүлөрдү Жогорку Кеңеш менен президент колдоп бериши керек.

Сунушталган өзгөртүүлөргө ылайык, буга чейин жарандар 23-февраль (Мекенди коргоочулардын күнү), 7-апрель (Элдик Апрель революциясынын күнү), 7-8 ноябрь (Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү) майрам күндөрүндө эс алып келсе, эми алар майрам бойдон калат, бирок жарандар ал күндөрү иштешет.

Ошондой эле жумушчу эмес майрам күндөрү (мисалы 31-август) дем алышка туура келсе, эс алуу башка күнгө жылдырылбайт. Белгилей кетсек, учурда майрам күнү базар күнгө туш келсе, эс алуу башка датага жылдырылып, жарандар кошумча 1 күн эс алып келишет.

8-март, 21-март, 5-май, 9-май менен 31-август, Орозо айт, Курман айт жана Рождество жумушчу эмес майрам күндөрү бойдон калат.

Жарандар үчүн 1нен 6-январга чейин жаңы жылдык каникулдар жана 1нен 8-майга чейин май каникулдары болот.

Кыргызстандыктар 2024-жылы кайсы күндөрү эс алары белгилүү болду

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>