Министр менен мэр окуучу кол салды делген мугалимден кабар алыштыБакыт Төрөбаев «Агрокуш» канаттуулар комплексин кеңейтүү пландары менен тааныштыЦумдун жанында, мурунку фонтандын ордуна курулуп жаткан объект буздурулууда23-февраль: Өлкөдө күн ачык болотИнсталляциялар, куймактар, концерттер жана мастер-класстар. «Евразия» паркында Масленица кандай белгиленди?Салык кызматы маркетплейстерде соода жүргүзүү үчүн электрондук эсеп-фактуралардын атайын форматын киргизди
Кадамжайда 30 миң жумуртка жок кылынды
18.04.2024 | 09:00
Баткен облусунда аткезчилик жол менен ташылып келген 30 миң жумуртка жок кылынды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, 12-апрелде Кадамжай районунун Анкур-Сай аймагында 30 миң жумуртка жүктөгөн Mercedes-Benz унаасы токтотулган. Текшерүү учурунда жумурткалардын тиешелүү ветеринардык коштоочу документтери менен маркировкасы жок экендиги аныкталган. «Ветеринария жөнүндө» мыйзам жана ЕАЭБдин талаптары бузулгандыгына байланыштуу жумуртка Кадамжайдын ветеринардык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жок кылынган.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом