«Келечектин кадры»: ИИМ студенттерди социалдык тасмалар фестивалына катышууга чакырдыАйыл чарба министрлиги бизнес өкүлдөрү менен АӨКтү өнүктүрүү боюнча 1000 күндүк планды талкууладыОоганстандагы туруктуулук БАнын коопсуздугуна түздөн-түз байланыштуу — ЖККУАдылбек Касымалиев Анталья шаарында БУУнун COP31 конференциясына катышатЧүй облусунда жигит таксистти жарадар кылып, ооруканага жеткирип, унаасын айдап качып кеткен11-ноябрь: Көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондорго кар жаайт
Кадамжайда 30 миң жумуртка жок кылынды
18.04.2024 | 09:00
Баткен облусунда аткезчилик жол менен ташылып келген 30 миң жумуртка жок кылынды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, 12-апрелде Кадамжай районунун Анкур-Сай аймагында 30 миң жумуртка жүктөгөн Mercedes-Benz унаасы токтотулган. Текшерүү учурунда жумурткалардын тиешелүү ветеринардык коштоочу документтери менен маркировкасы жок экендиги аныкталган. «Ветеринария жөнүндө» мыйзам жана ЕАЭБдин талаптары бузулгандыгына байланыштуу жумуртка Кадамжайдын ветеринардык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жок кылынган.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом