Этият болуңуз! Бишкекте мыйзамсыз унаа токтотуучу жайларга каршы күрөш күчөдү

19.04.2024 | 09:22

Бишкек шаарынын мэриясы мыйзамсыз унаа токтотуучу жайларга каршы күрөштү күчөттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Кечээ Эркиндик сейил багында токтотулган транспорттор алынды. Мэриянын маалыматында, айдоочулар жашыл зонага токтоткон.

Аларга 5 миң 500 сомго айып пул салынып, 1 мин сомго протокол түзүлдү.

Муниципалитет рейдди күн сайын өткөрүп турат.

Мыйзамсыз жерге токтотулган унаалар эвакуацияланып, айып пул салынат.

Scroll to Top