Камчыбек Ташиев үч баланын энесинин өлүмүнөн кийин катуу билдирүү жасадыИлим жана жогорку билим берүү министринин милдетин аткаруучу дайындалдыКаныбек Досмамбетов Саламаттык сактоо министри болуп дайындалды«Алтын стандартка» карай жол: Япония менен Борбор Азиянын кызматташтыгы кандай өнүгүүдөБишкекте IV Элдик курултай өз ишин баштайт: Президент Садыр Жапаров катышат25-декабрга карата аба ырайы
Таласта 6 млн сомдон ашык бюджеттик акча уурдалган
19.04.2024 | 10:14
Талас шаарынын коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасында бюджеттик акчаларды уурдоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, аталган ишканада 6 млн сомдон ашык акча негизсиз эсептен чыгарылып, уурдалган.
Бул фактыга байланыштуу ишкананын жетекчилиги менен кызматкерлерине «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Учурда бул ишке катышы бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом