Сасык тумоо: өлкө боюнча 207 мектеп онлайн окууга өтүп, 217 бала бакча жабылдыТашиев Чүй проспектисин тарыткан Old Bishkek’тин курулуштарын алып салууну тапшырдыУКМК чет элдик адам шпионаж жасоого айыпталып соттолгонун билдирдиКыргызстанда суу менен камсыздоо тармагына инвестиция эки эсе өстүБаткендин Зардалы айылына алып барчу унаа жол жакында ачылатЧукул кабар! Унаа жолдорго кар көчкү түшүүсү күтүлөт
Үйдөн жок же акчадан жок. Бишкектин тургуну шылуунга 12,8 миң долларын берип, алданып калган
22.04.2024 | 16:19
Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.
Маалым болгондой, 2023-жылы 20-февралда шаар тургуну “жер там салып берем” деген адамга 12 миң 800 доллар берген. Бирок акчаны алган адам убадасын аткарбай, 12,8 миң долларды которуп салган. Ага байланыштуу алданган жаран 24-мартта милицияга кайрылган.
Аталган факт боюнча “алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Бул ишке шектүү катары 32 жаштагы Т.М. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.
Учурда анын ушул сыяктуу башка катыштыгы бар же жоктугу текшерилүүдө.
Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыркагандар болсо, (550) 11 11 95, 0(702) 28 02 88, 0(700) 65 00 35 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.