Чүйдө таксистке бычак менен кол салгандардын бири айдоочунун колунан каза тапты

Чүйдө таксистке бычак менен кол салгандардын бири айдоочунун колунан каза тапты

Чүйдө таксистке бычак менен кол салган адам айдоочунун колунан каза тапты, экинчисин милиция кармады. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Милициянын маалыматы боюнча, окуя 18-апрелге караган түнү болгон. «Яндекс» таксисинде иштеген 33 жаштагы жаранга Бишкектен Чүйдүн Кашка-суу айылына чейин жеткирүү боюнча буйрутма түшкөн. Айдоочу 20 (М.Н.) жана 19 (Д.А.) жаштагы эки жигитти алып, айтылган жерге жеткирген. Айылга келгенден кийин артта отурган жүргүнчү (М.Н.) айдоочунун мойнуна бычак сайып жиберип, качып кеткен. Коргонуп жаткан айдоочу мойнундагы бычакты алып чыгып, унаанын алды жагында отурган кол салгандардын экинчисине эки жолу бычак сайган. Натыйжада ал ооруканага бараткан жолдо көз жумган.

Аталган фактыга байланыштуу 37-122-берене (адам өлтүрүүгө аракет кылуу (каракчылык кол салуу менен) боюнча кылмыш иши козголгон.

Бул ишке шектүү катары 20 жаштагы М.Н. кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Тергөө уланууда.

Такси айдоочусунун унаасы

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>