Ош шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылдыБШК депутат Курманкул Зулушевди мандатынан ажыратты14-март: Өлкөдө күн ачык болот
Талас шаарында 3 миң окуучу “Манас” айтты (видео)
01.05.2024 | 13:57
Талас шаарында 3 миң окуучу “Манас” айтты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Аталган иш-чара 30-апрелде «Урааным Манас» аттуу республикалык кароо-сынагынын алкагында өттү. Бул сынак манасчылар Саякбай Каралаевдин 130 жылдык, Уркаш Мамбеталиевдин менен Сапарбек Касманбетовдун 90 жылдык мааркесине карата өткөрүлүүдө.
Белгилей кетсек, былтыркы жылы өлкө боюнча кароо-сынакка 100 миңдей окуучу катышса, быйыл 500 миңден ашык окуучу катышат. Кароо-сынактын жыйынтыгы Кыргыз Улуттук “Манас” театрында май айынын аягында жарыяланат. Жеңүүчүлөр баалуу белектер, акчалай сыйлыктар менен сыйланышат. Сынактын жалпы байге фонду 3 млн сомду түзөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом