Баткен округунан Бактияр Калпаев ЖК депутаты болуп шайланды

05.05.2024 | 09:55

Борбордук шайлоо комиссиясы №2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыгын чыгарды.

​Добуш берүүнү уюштуруу үчүн 81 шайлоо участогу түзүлгөн. Шайлоочулардын тизмесине 112 379 шайлоочу киргизилген.

№2 Баткен шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан 10 талапкер катталган.

​28-апрелде 28508 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул округ боюнча шайлоочулардын тизмесине киргендердин саны 25,30% түздү.

Талапкерлер төмөнкүдөй добуштарды алышты:

  1. Салихов Кеңеш Каримович – 3698 добуш (12,9 %);
  2. Мадалиев Асылбек Алтымышович – 3658 добуш(12,8 %);
  3. Кожонов Замирбек Ырысбаевич – 3614 добуш(12,6 %);
  4. Ойтемиров Махмуд Гиесович – 1848 добуш(6,4 %);
  5. Раимкулов Аширбай Омурзакович – 869 гдобуш(3,0 %);
  6. Нишанбаев Тургунбай – 377 добуш(1,3 %);
  7. Калпаев Бактыяр Алиевич – 11830 добуш(41,4 %);
  8. Каработоев Джалил Исакович – 1180 добуш(4,1 %);
  9. Сатаров Акимали Сатыбалдыевич – 725 добуш(2,5 %);
  10. Шадыманов Бакытбек Адылбекович – 398 добуш(1,4 %);
  11. “Баарына каршы” позициясы үчүн 110 шайлоочу добуш беришти (0,4 %).

Борбордук шайлоо комиссиясы №2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону болуп өттү деп таануу жөнүндө чечим кабыл алды жана № 2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Калпаев Бактияр Алиевичти Жогорку Кеңештин шайланган депутаты деп тааныды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top