Бишкектин Асаналиев көчөсүндөгү темир жол өтмөгүндө унаа кыймылы чектелетЭкинчи ата-эненин макулдугусуз. Балдардын чет өлкөгө чыгуусу жеңилдетилиши мүмкүнБишкекте Чүй проспектисинин оңдолгон бөлүгү ачылдыБишкекте жети өлкөнүн компаниялары катышкан эл аралык өнөр жай көргөзмөлөрү өтөтСанитардык талаптарга жооп бербейт: Өзгөн районундагы мал союучу жай жабылдыКыйылган бир дарактын ордуна бешөө. ЖКда бак-дарактарды коргоонун жолун сунушташты
Бишкекте интимдик кызмат көрсөтүүгө айыпталып 70тен ашык кыз кармалды
17.02.2026 | 16:11

Бишкек шаарында мыйзамсыз интимдик кызмат көрсөтүү менен алектенүүгө айыпталып 70тен ашык кыз кармалып, милицияга жеткирилди.
Бишкек ШИИББдин маалыматында, кармалгандар менен профилактикалык жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Текшерүүнүн жыйынтыгында Укук бузуулар жөнүндө кодексинин «Сойкулук менен алектенүү» беренеси боюнча 30дан ашык административдик протокол түзүлгөн. Тартип бузгандардын ар бирине 20 миң сом, жалпы 600 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган.
Бишкек милициясы кармоо иштери «Притон» аталышындагы рейддин алкагында өткөнүн жана бул багыттагы иш-чаралар улантыларын билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар