16-март: Өлкөнүн айрым аймактарында жаан, кар жаайтБШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болду
Ысык-Атада мыйзамсыз иштеген майнинг-ферма табылды
10.05.2024 | 17:10
Чүй облусунун Ысык-Ата районунун аймагында майнинг-ферманын (криптовалюта алуу боюнча өндүрүш) мыйзамсыз иштеп келген. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Ал “Виртуалдык активдер жөнүндө” мыйзамына ылайык, расмий каттоодон өтпөй, эч кандай жыйымдарды төлөбөй иштеп келген.
Коопсуздук комитетинин маалыматында, ферма иш алып баруу үчүн 700дөн ашык жабдуу сатып алган.
Учурда майнинг-ферманын кожоюндарын аныктоо аракети көрүлүүдө.
Белгилей кетсек, 2023-жылы майнинг-фермалардан бюджетке 93,7 миллион сом түштү.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом