Олимпиаданын лицензиясы үчүн мелдеш: Жуманазарова атаандашын 26 секундда жеңди (видео)

Олимпиаданын лицензиясы үчүн мелдеш: Жуманазарова атаандашын 26 секундда жеңди (видео)

Балбан кыз Сезим Жуманазарова Олимпиада оюндарына жолдомо берген Дүйнөлүк лицензиялык мелдештин чейрек финалына чыкты. Турнир Түркиянын Стамбул шаарында өтүүдө.

Ал 57 кг салмакта күч сынашууда. Жуманазарова таймашты 1/16 финалдан баштап, биринчи беттешинде атаандашы килемге чыкпагандыктан, ал 1/8 финалга өттү.

1/8 финалда Жуманазарова намибиялык спортчу менен кез келип, аны 26 секунд ичинде 10:0 эсебинде жеңип алды.

Белгилей кетсек, Сезим Жуманазарова — Кыргызстандын алдыңкы балбан кыздарынын бири Мээрим Жуманазарованын сиңдиси.

Стамбулдагы мелдеште ар бир салмакта үчтөн балбанга Олимпиадага жолдомо берилет: эки лицензияны финалга чыккан спортчулар алат жана коло байгеге татыган эки балбан өзүнчө беттеш өткөрүп, жеңүүчүсү үчүнчү жолдомонун ээси болот.

Кыз-келиндер күрөшүндө 50, 53, 57, 62, 68 жана 76 кг олимпиадалык салмак болуп саналат. Буга чейин Айсулуу Тыныбекова 62 кг, Айпери Медет кызы 76 кг жана Мээрим Жуманазарова 68 кг салмакта жолдомо алган.

Учурда Кыргызстандын куржунунда Олимпиада оюндарына жалпы 9 лицензия бар.

Үзүр Жусупбеков Олимпиадага лицензия алууга бир кадам жакындады

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>