УКМК: Жалал-Абаддагы баасы 412,1 млн сомдук базар мамлекетке кайтарылды

УКМК: Жалал-Абаддагы баасы 412,1 млн сомдук базар мамлекетке кайтарылды

Жалал-Абад шаарындагы баасы 412 млн 111 миң сом болгон «Шабдалы-Зар» базары мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалым болгондой, УКМК жүргүзгөн текшерүү иштери көрсөткөндөй, «Шабдалы-Зар» базары жайгашкан жер 1994-жылы Жалал-Абаддын мэриясы тарабынан Кадыржан Батыров 85%ына ээлик кылган «Дустлик» ААКсы менен байланышы бар жеке компанияга берилген. Бирок мыйзамга ылайык мэриянын мамлекеттик жерди берүүгө (сатууга) укугу болгон эмес. Себеби андай укук шаардык кеңешке берилген.

УКМК билдиргендей, ошентип жер Кадыржан Батыровго мыйзамсыз сатылып, кийин 2009-жылы ал өзүнүн тааныш-билиштерине (М.А. жана Р.Ш. аттуу жарандарга) жерди сатуу тууралуу жалган келишим түзгөн. Андан кийин ал жер бир нече жыл бою базар катары колдонулуп келген.

Учурда Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги базарды шаардык мэриянын карамагына өткөрүп берүү боюнча иштерди алып барууда.

Эскерте кетсек, Кадыржан Батыров 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча башкы айыпталуучулардын бири болгон. Батыров чет өлкөгө качып кеткендиктен, ага өкүм сыртынан чыгарылган. Ал «массалык башаламандыктарды уюштуруу жана катышуу», «сепаратисттик иш» жана «улуттар, рассалык, диний же аймактык аралык кастыкты козутуу» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылган. Батыров 2018-жылы Украинада каза болгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>