Ала-Арча жаратылыш паркына дүйнөлүк стандарттагы родельбан курулатСадыр Жапаровдун Тажикстанга болгон иш сапары аяктады – маанилүү учурларАгартуу министрлиги окуу китептерин иштеп чыгуу үчүн ачык сынак жарыяладыБооом капчыгайында беш күн таш түшүрүү иштери жүргүзүлөтЭми Tunduk аркылуу дарыгерди үйгө чакырууга болотБорбордогу автобустун айдоочуларына жүргүнчүлөргө сылык мамиле жасоо эскертилди
“Жол оңолуп калмак”. Таластын тургундары Ташиевди облуска чакырды
16.05.2024 | 15:53
Жогорку Кеңештин депутаты Камиля Талиева Транспорт министрлигин Талас облусунун жолдоруна көңүл бөлүүгө чакырды. Бул тууралуу ал бүгүнкү жыйында билдирди.
Эл өкүлү Төө-Ашуу менен Өтмөк ашуусундагы жол бузулуп, унаа жүрө албай жатканын айтты.
“Таласка бара турган жол илме тешик болуп, киши жүрө албай турган болуп калыптыр. Унаалар чуңкурларды айланып өтүүгө аракеттенип, бири-бирин түртүп, авариялык абал жаралып жатат. Жергиликтүү тургундар “Камчыбек Кыдыршаевич бир жолу ушул жолдон жүрсө, бул трасса оңдолуп калат эле” деп жатышат. Айтсаң эми анекдоттой”, – дейт Камиля Талиева.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом