21-мартта Бишкекте Нооруз майрамына арналган майрамдык иш-чаралар өтөт (программа)Mastercard жана MBANK Борбор Азияда биринчи жолу Лионель Мессинин сүрөтү түшүрүлгөн картаны сунуштайтУшул жылдын январында Кыргызстанга 220 млндон ашык доллар которулган2025-жылы Кыргызстандын корголуучу аймактарында 139 мыйзам бузуу аныкталдыСадыр Жапаров Казакстандын президентин улуттук референдумдун өткөрүлүшү менен куттуктадыИюль айында Бишкек – Бээжин багыты боюнча жаңы авиакаттам ачылат
Кара-Дарыяда суу көтөрүлүп, эгин аянттарды каптады
22.05.2024 | 19:00
Кара-Дарыяда суунун көлөмү көтөрүлүп, Сузак районундагы бир нече аймакты каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Ага Кемпир-Абад суу сактагычынан суу коё берилгендиги себеп болгон.
Көк-Арт жана Чаңгет-Сай сууларын кошкондо дарыянын деңгээли 330-340 м3/сек. көлөмгө чейин жетти. Арал айылындагы суу тосмолорду жарып, Бостон, Питомник, Аэропорт жана Кундузчу тилкелеринин 110 гектардан ашуун күрүч, эгин аянттарын сел алып, 200 жакын турак жайга кооптуулук жаралды.
Учурда дарыянын оң жээгин бекемдөө аракети көрүлүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом