Абакта отурган активист Адилет Балтабай кыргыз элине кат жолдоду

Абакта отурган активист Адилет Балтабай кыргыз элине кат жолдоду

Абакта отурган активист Адилет Балтабай кыргыз элине кат жолдоду.

Ал катында сөз эркиндиги деп чыгып жүргөнү үчүн «кылмышкер» атыгып калганын белгилеген.

«Ассаламу алейкум эл-журт, арыба! Ой чабыттарым менен бөлүшкүм келди. Президенттин мунапыс боюнча жарлыгы иштеп баштагандан бери соттолгон жарандар бат-бат менден юридикалык кеңеш алууда. Аларга жардам берем. Ошол эле учурда ырайым суроо өтүнүчтөрүн жазуу боюнча кеңеш айтам. Бирок эмнеге өзүм жазбайм? 

Президент – журт билгиси, элдин жакшы жашоого болгон үмүтү. Андан кечирим сурагандан тилим тешилбейт. Бирок мен эл алдында принципти карманган адаммын деп келем. Эл дагы дагы мен ошондой кабыл аларын билем. Сөз эркиндиги деп жүрүп «кылмышкер» болдум. Эми кайсы арыма ырайым сурайм? Негизгиси энем, атам, үй-бүлөм, жакындарым, сиздер аман болуңуздар деп тилейин… Өмүрдүн учкулдугу гана убайым… Калганына чогуу чыдайлы, чогуу күтөлү…», — деп жазды ал.

Эскерте кетсек, Адилет Балтабай 2022-жылдын 30-июнунда Бишкектин милициясы тарабынан «массалык башаламандыктарга чакырык жасоого» шектелип кармалган. Ал кармалардан мурда кумарканалардын ачылышына каршы болуп, митингдерге чыгып жүргөн.

11-ноябрда Бишкектин Биринчи райондук сотунун чечими менен Адилет Балтабай 5 жылга соттолгон. Ошол эле учурда 3 жыл пробациялык мөөнөт белгиленип, эркиндикке чыккан. 2023-жылы 12-январда Бишкек шаардык соту райондук соттун өкүмүн өзгөртүп, активистти 5 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүмүн күчүндө калтырылган. Адилет Балтабай сот залынан камакка алынган.

Кийин 19-апрелде Жогорку сот шаардык соттун өкүмүн жокко чыгарып, Биричи май райондук соттун пробация тууралуу өкүмү күчүндө калтырган. Адилет Балтабай ошол эле күнү абактан бошотулган.

Адилет Балтабай эркиндикте жүргөндө өлкөдөгү коомдук-саясий абал тууралуу оюн ачык айтып жүргөн.

2023-жылдын октябрында пробация органы Сокулук райондук сотуна кайрылып, Адилет Балтабай пробация эрежелерин бузганын билдирип, аны камакка алууну өтүнгөн. 10-ноябрда Сокулук райондук соту өтүнүчтү канааттандырган.

Активист кайра камакка алгыдай мыйзам бузбаганын билдирип, камоо аракетин айткан сын пикири үчүн куугунтук катары баалаган.

15-декбарда активист кармалып, №1 тергөө абагына камакка алынган.

22-декабрда Чүйдүн соту биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырган.

Чүйдүн соту активист Адилет Балтабайды абакка кести

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>