Идеядан экранга чейин: Бишкекте «Үмүт» жаш кино форуму өтөтБишкекте «Росатомдун» экологиялык жана коомдук пайдалуу долбоорлор сынагынын жеңүүчүлөрү сыйландыТашкент – Ош багыты боюнча туруктуу авиакаттам ачылатКыргызстандыктар декабрда канча насыя алышты жана эсептик чендин өсүшүнө карабастан, алар эмне үчүн арзандады?Бишкекте баңги лабораториясы табылып, 4 кгдан ашык баңгизат алындыБеш жылдык отчёт: Кыргызстандын экономикасынын «Ак илбирс секириги» модели түптөлдү
Кыргызстанда пенсияга чыгуу курагын көтөрүү пландалган жок
24.05.2024 | 09:00
Кыргызстанда жакынкы аралыкта пенсияга чыгуу курагын көтөрүү пландалган жок. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө пенсияга чыгуу курагы мурдагыдай эле – аялдар үчүн 58 жаш, эркектер үчүн 63 жаш бойдон калат.
Ошол эле учурда ал Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эсеби боюнча, акыркы 15 жылда адамдын өмүрүнүн узактыгы 4 жылга узарганын белгиледи.
“Эгерде 2002-жылды алсак, Кыргызстанда 80 жаштан ашкан 2500 адам жашаса, азыр алардын саны көбөйүп, 60 миңден ашты”, – деди ал.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом