Агрокөргөзмө-жарманкелер өтөт: Бишкекте 21–25-октябрда айрым көчөлөр жабылатБишкекте күчтүү дарыларды сатуучу каналдын башчысы кармалдыGovTicket: Шакиранын концертине билеттердин баасы арзандатылбайтБишкекте автобус айдоочусу мас абалында 6 унааны сүзүп, адамдар жабыркадыКыргызстан менен Гонконг туризм жана ислам каржысы тармактарында кызматташууну көздөөдөЗеленскийсиз тынчтык жана Иранга өзөктүк сокку уруудан баш тартуу — Трамп дагы эмнелерди айтты
Каныбек Досмамбетов Кыргызстандын саламаттык сактоо министри кызматынан бошотулду
24.02.2026 | 16:37
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Каныбек Досмамбетов Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри кызматынан бошотулду.
Бул чечим Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 71-беренесине ылайык кабыл алынды. Жарлык кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.
Эскерте кетсек, Досмамбетов саламаттык сактоо министри болуп дайындалганга чейин УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы кызматын аркалаган.
Теги: медицина