АР: Йемендик хуситтер Израилге каршы чабуулдарын кайра жандантатТегерандан Исфаханга чейин: АКШ жана Израиль кайсы объекттерди жок кылууда жана ирандык «проксилер» эмне менен коркутууда?АКШ менен Израил Иранга каршы аскердик аракеттерди баштады. Иран жооп кайтаруудаКыргызстандык балбан кыздар Албаниядагы рейтингдик турнирде күмүш жана коло медаль утуштуБишкекте 18 жаштагы кыз 10-кабаттан боюн таштап каза болдуАКШда дагы бир кыргызстандык жаран кармалды
Ошто тургундан 3,1 млн сом алып, алдап кеткен шектүү кармалды
24.05.2024 | 15:38
Ош шаарында алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Белгилүү болгондой, 2022-жылы 40 жаштагы Б.С. аттуу жаран шаар тургунуна “Сага курулуш иштери менен алектенген компания ачып берем. Тааныштарым көп. Сага таандык компания ири мамлекеттик курулуштарды жүргүзөт” деп 3 млн 160 миң сом алып, алдап кеткен. Берген акчасын кайтара албаган тургун 2 жылдан кийин милицияга арыз менен кайрылган.
Милиция бул факт боюнча “алдамчылык” беренеси менен иш козгоп, шектүү катары Кара-Суу районунун 40 жаштагы Б.С. аттуу тургунун кармады.