Эмне үчүн альпинист Наговицынанын сөөгү дагы деле Жеңиш чокусунда — ӨКМдин жообуКОСУнун студенттери Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууга катышатКыргызстанда «Мал аман» мамлекеттик ишканасы түзүлүп, жеке ветеринарлар ишке алынатМанас шаарында жаңы автобекет ишке кирдиБишкекте көчөдөгү жаңжалдын катышуучулары майда бейбаштык үчүн жоопко тартылдыЖапон окумуштуулары Ак-Бешим шаар чалдыбарында археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүшөт
Ошто тургундан 3,1 млн сом алып, алдап кеткен шектүү кармалды
24.05.2024 | 15:38
Ош шаарында алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Белгилүү болгондой, 2022-жылы 40 жаштагы Б.С. аттуу жаран шаар тургунуна “Сага курулуш иштери менен алектенген компания ачып берем. Тааныштарым көп. Сага таандык компания ири мамлекеттик курулуштарды жүргүзөт” деп 3 млн 160 миң сом алып, алдап кеткен. Берген акчасын кайтара албаган тургун 2 жылдан кийин милицияга арыз менен кайрылган.
Милиция бул факт боюнча “алдамчылык” беренеси менен иш козгоп, шектүү катары Кара-Суу районунун 40 жаштагы Б.С. аттуу тургунун кармады.