Бишкектин айрым аймактарында 4 күнгө газ өчүрүлөтУкук коргоочу Камиль Рузиев Караколдо акча опузалоого шектелип кармалдыМаданият министринин орун басары алмаштыКызыл-Кыяда алдамчылыкка шектелген жаран Бишкектен кармалдыБалыкчы шаарындагы мал базар мамлекетке кайтарылдыТокмокто Ислам академиясы ачылды
Бишкектин тургунун уурдап кетип, 370 миң сомун тартып алышкан. Шектүү кармалды
28.05.2024 | 10:36
Бишкекте адам уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициядан билдиришти.
Белгилүү болгондой, 2023-жылы 1-июлда милицияга шаар тургуну арыз менен кайрылган. Ал билдиргендей, ошол жылы 28-февралда И. аттуу жаран менен белгисиз адамдар аны унаага салып, бир жакка алып кетип, ал жерден уруп-сабап 370 миң сомун тартып алган.
Аталган факт боюнча “адам уурдоо” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Арадан дээрлик 11 ай өткөндөн кийин шектүү катары 27 жаштагы Ж.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.
Иликтөө иштери уланууда.