Жалал-Абаддагы чуудан кийин Бишкекке которулган Жеңиш Абитов кайра иштен алынды

Жалал-Абаддагы чуудан кийин Бишкекке которулган Жеңиш Абитов кайра иштен алынды

Бишкек шаарынын Свердлов райондук ИИБнын 10 кызматкери, анын ичинде башкармалыктын башчысы Жеңиш Абитов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, 17-18-майдагы Бишкектеги тополоң боюнча кызматтык иликтөөнүн  корутундусу чыгарылды. Анын негизинде 20 милиция тартиптик жоопкерчиликке тартылды.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жана Свердлов ички иштер башкармалыгынын 10 кызматкери ар кандай тартип жоопкерчилигине тартылды. Андан сырткары, аталган райондук милициянын жетекчиси Жеңиш Абитов менен бирге 9 кызматкер иштен алынды.

13-майда Хостелдин алдында болгон окуя иликтөө үчүн тергөө-ыкчам тобунун курамында турган кызматкерлердин иши Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Белгилей кетсек, Жеңиш Абитов  27-мартта милиция Кочкор-Атанын тургунун күч колдонуп кармоо учурнда атасына болушкан баласы сабалгандан кийин 1-апрелде кызматтан алынган. Бирок, эртеси эле Улан Ниязбеков аны Бишкектин Свердлов райондук милициясына башчы кылып дайындаган.

Кечээ эле кызматтан алынган Жеңиш Абитов жаңы кызматка дайындалды

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР
Тэги: Бишкек

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>