Бишкекте 6 бейтаптын боору алмаштырылат

31.05.2024 | 09:39

Бишкекте алты бейтап жана алардын донорлору боорун алмаштырууга даярдыктан өттү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Аларга  операция Түркиянын Инөнү университетинин адистери менен биргеликте жүргүзүлөт. Анестезиолог-реаниматолог, эки хирург жана медайымдан турган дарыгерлер тобунун келиши күтүлүүдө. Окуудан өткөн жергиликтүү медиктердин эки бригадасы дагы операция жасоого даяр.

30-май күнү саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Инөнү университетине барып, боор алмаштыруу боюнча операциялардын бирине катышты.

Анын айтымында, Бишкектегия операция Кыргыз-түрк достугунун ооруканасында жасалат.

«Кыргызстанда боорду алмаштырууга даярдык иштери аяктады. Операция жасоо үчүн керектүү жабдыктар бар, түркиялык дарыгерлер жетишпеген жабдууларды өздөрү менен кошо алып келишет. Операциялар 2024-жылдын 4-5-июнуна пландалууда», – деп белгиледи министр.

Боор алмаштыруу боюнча операция президенттин фондунан каржыланат.

https://reporter.kg/tyrkiyaga-okuuga-bargan-darygerlerdin-ychoo-gana-boor-almashtyruunu-yjrono-aldy/

Scroll to Top