Орусияда кыргызстандык аскерлердин катышуусунда ЖККУнун машыгуулары аяктадыКыргызстанга миграциялык агым 2025-жылы 15,4 миң адамга жеттиКыргызстанда өлүмдүн көрсөткүчү беш жылда 14%га төмөндөдүФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту
ИИМ президент менен өкмөт башчынын үнү коштолгон жарнамаларга ишенбөөгө чакырды
31.05.2024 | 10:04
ИИМ социалдык тармактардагы өлкө жетекчилигинин үнү менен ар кандай инвестициялык компанияларды жарнамалаган жалган видеолорго ишенбөөгө чакырат.
Министрлик белгилегендей, видеолорго жасалма интеллекттин жардамы менен жасалган өлкө жетекчилигинин үндөрү кошулган.
“Урматтуу жарандар, өлкө жетекчилигинин үндөрү менен жасалган жалган видеолорго жана үн билдирүүлөрүнө ишенбеңиздер. Эгерде сиздин социалдык баракчаңызга ушундай видеолор чыгып калса, ага ишенбөөнү жана башкаларга жөнөтпөөнү суранабыз”, – деп билдирет ИИМ.
Мыйзамда жалган маалымат тараткандар үчүн жоопкерчилик каралган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом