Иранда өлкөнү башкаруу үчүн убактылуу кеңеш түзүлдүАйпери Медет кызы Албаниядагы рейтингдик турнирде дүйнө чемпионун жеңип, алтын алдыИрандын жогорку лидери Али Хаменеи каза болдуКооптуу: Бишкекте жарамазан айткан балдарга байланыштуу көзөмөл күчөтүлөтАт-Башыда архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылдыЖаз: 1-мартка карата аба ырайы
Орусия кыргыз балыгына жана сүт азыктарына чектөөнү алды
03.06.2024 | 13:21
Орусия кыргыз балыгын жана сүт азыктарын ташыган компанияларга чектөөнү алды. Бул тууралуу айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Россельхознадзор төрт балыкты кайра иштетүүчү жана үч сүттү кайра иштетүүчү ишканасына коюлган убактылуу бөгөттү алып салып, аларга экспортко уруксат берди.
Орусия жалпысынан балык боюнча 10 жана сүт азыктарын ташыган 7 кыргызстандык ишканага уруксат берген.
Белгилей кетсек, Россельхознадзор 2023-жылдын башында Кыргызстандагы бардык ишканалардын балык азыктарын сертификациялоону токтотууну суранып, экспорттоого тыюу салган.
https://reporter.kg/orusiyaga-balyk-eksporttoogo-chektoo-kachan-alynat-ministrdin-zhoobu/
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика