Кыргызстанда күйүүчү майдын жетишсиздиги көйгөйү жок экени айтылдыЖККУ кибермейкиндиктеги «Прокси» менен күрөшүүнү көздөйтКытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук району ШКУ өлкөлөрү менен практикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнү көздөйтӨкмөт башчы Бишкек жана Чүйдөгү ооруканаларды текшерип, бир катар көйгөйлөрдү аныктадыОштогу Ак-Буура дарыясынын жээгине веложол, сейил бактар курулатБаткен жана Нарын облустарында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сорттору сыноодон өтүүдө
Түн ката үйгө кирип, 10 миң доллар уурдап кеткен. Шектүү кармалды
13.06.2024 | 17:45
Чүй облусунда уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, уурулук быйыл 20-мартка караган түнү саат 03:00-05:00дор арасында болгон. Белгисиз адам Новопокровка айылынын тургунунун үйүнө кирип, курткасынын чөнтөгүндөгү 10 миң долларды уурдап кеткен.
Аталган факт боюнча “уурулук” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Иликтөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон 34 жаштагы Т.С. аттуу жаран кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.
Тергөө иштер уланууда.