Кудайберген Базарбаев кызматтан алынып, Казакстанга элчи болуп жиберилдиАчыктык жана өнүгүү: Bozymchak Кыргызстандагы тоо-кентармагында ишенимди кантип бекемдөөдө?Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курамасы эки өлкөнүн командасы менен беттешетБүгүн Бишкекте жаңы №66 электробус маршруту ачылды — кыймылынын схемасы15-ноябрга карата аба ырайыБишкекте таштанды кайра иштетүү заводунун пилоттук эксплуатациясы башталды
Дарак олтургузгула. Чек арадагы Чүй дарыясынын нугу өзгөрүп жатканы дагы айтылды
19.06.2024 | 10:55
Кыргыз-Казак чек арасында турган Чүй дарыясынын жээктерин бекемдөө маселеси Жогорку Кеңештин жыйынында дагы айтылды. Бул жолу маселени депутат Эмил Токтошев көтөрдү.
Анын айтымында, Казакстан өз тарабына бак-дарак эгип, дарыянын нугун сактоодо.
“Биз тарапта эч нерсе жок. Анан албетте дарыя нугун өзгөртөт. Кум-шагыл алгандарды гана калтырып, калган жерлерге бак-дарак тигүү зарыл. Дарыянын жээгине 100 метрге чейин эч кандай иштер жүрбөшү керек”, – дейт ал.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү жээкти бекемдөө иштерине жылына 100-200 миллион сом бөлүнүп, чаралар көрүлүп жатканын белгиледи.
Эскерте кетсек, буга чейин дарыя нугун өзгөртүп, Кыргызстандын 100дөн ашык гектар жер суунун аркы тарабынан өтүп кеткени айтылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом