Чолпон-Атада милиция менен УКМК дагы бир депутатты кармады

Чолпон-Атада милиция менен УКМК дагы бир депутатты кармады

Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаты бейбаштыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, июнь айынын башында милицияга Чолпон-Атанын тургуну арыз менен кайрылган. Ал билдиргендей, 2022-жылы октябрда шаардык кеңештин депутаты А.У. аны травматикалык тапанча менен эки жолу атып салган. Жабырлануучу милицияга эмнеге кеч кайрылганын түшүндүрүп, депутат А.У. Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобундагы адамдар менен байланышта болгондуктан, өз өмүрү жана ден соолугу үчүн коркуп арыз жазбай жүргөнүн айткан. Анын арызынын негизинде соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп, жабырлануучунун далысында жана сол колунда эки так бар экени аныкталган.

Бул факт боюнча «бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Шектүү делген 45 жаштагы А.У. ИИМдин жана УКМКнын кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн.

Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Учурда тергөө иштери уланууда.

Эскерте кетсек, буга чейин милиция Чолпон-Ата шаардык кеңешинин дагы бир депутатын кармаган.

Чолпон-Атада депутат салык кызматкерин коркуткан

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>