Бишкекте жылытуу сезону 28-октябрда башталатЭлчиликтен БУУнун Коопсуздук Кеңешине чейин: Кыргыз дипломатиясынын жолуЧүйдөгү Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо иштери улануудаКыргызстандын жаш балбандары Новосибирсктеги «Салттардын күчү» турниринде жети медаль жеңдиКыргызстанда экспорттук көзөмөл жаатында уруксат кагаздарын берүү тартиби жөнөкөйлөтүлөтКыргызстанда БАДдарды дары катары жарнамалоого тыюу салуу сунушталууда
Польша: Бүгүн Шаршенбеков, Исмаилов жана Бейшекеев таймашка чыгат
20.06.2024 | 09:40
Польшанын борбору Варшава шаарында күрөш боюнча Ziolkowski, Pytlasinski, Poland Open эл аралык мелдеши уланууда.
Бүгүн, 20-июнда мелдештин экинчи күнүндө кыргызстандык грек-рим балбандардан 60 кг салмакта Жоламан Шаршенбеков, 67 кг салмакта Амантур Исмаилов жана Раззак Бейшекеев таймашка чыгат.
Биринчи беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 15:00до жана финал саат 22:00до башталат.
Эскерте кетсек, мелдештин биринчи күнүндө Акжол Махмудов (77 кг) алтын жана Үзүр Жусупбеков (97 кг) коло байге уткан.
Турнир 23-июнга чейин созулат.