Бишкекте мыйзамсыз тургузулган 77 курулуш алындыБаткенде күч органдары жана медкызматкерлер катышкан антитеррордук машыгуу өттүДагы бир талапкер: Азамат Эсенбеков президенттикке өзүн-өзү көрсөтүү боюнча БШКга арыз бердиКРде бир суткалык электр энергиясын керектөө кышкы көрсөткүчкө жакындады — КУЭТУнаалардын жүргөн жолун өзгөрткөндөргө айып пул салуу боюнча мыйзам долбоору кайра иштеп чыгууга жөнөтүлдү«Ата-Бейит» мемориалдык комплексин өнүктүрүү боюнча ачык сынак жарыяланды
Казак олигархына козголгон кылмыш иши токтотулду
20.06.2024 | 10:49
Улуттук коопсуздук кызматы казак олигархы Владимир Жуманбаевге козголгон кылмыш ишин токтотту. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.
Маалыматка караганда, Владимир Жуманбаев өзү Кыргызстанга келип, тергөөдө көрсөтмө берген. Анын уюшкан кылмыштуу топко, кримтөбөл Камчы Көлбаевге тиешеси жоктугу аныкталган.
Владимир Жуманбаевге УКМК май айында эл аралык издөө жарыялаган.
Ал Казакстандын эң бай 75 жарандарынын катарында. Анын Кыргызстанда алтын кенине ээлик кылары айтылат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом