Чүйдө 3,3 млн сомго форель балыгын алып, алдап кеткен жаран кармалды   

23.06.2024 | 15:20

Кемин районунда милиция кызматкерлери тарабынан ири өлчөмдө алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 18-июнда милицияга жаран арыз менен кайрылып,  «Ш.» аттуу жигитке чара көрүүнү өтүнгөн.  Жабырлануучунун айтымында, жигит 17-июнь күнү алдоо жолу менен жалпы суммасы 3 313 440 сомду түзгөн 6 903,8 кг форель балыгын ээлеп алып, изин жашырып кеткен.

Аталган факт Кемин РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Бул кылмышка шектүү делип 1993-жылы туулган Б.Э. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top