Теректердин ордуна — клёндөр: Орунбеков Бишкектеги Айтматов проспектисин жашылдандыруу тууралуу айттыАгрокөргөзмө-жарманкелер өтөт: Бишкекте 21–25-октябрда айрым көчөлөр жабылатБишкекте күчтүү дарыларды сатуучу каналдын башчысы кармалдыGovTicket: Шакиранын концертине билеттердин баасы арзандатылбайтБишкекте автобус айдоочусу мас абалында 6 унааны сүзүп, адамдар жабыркадыКыргызстан менен Гонконг туризм жана ислам каржысы тармактарында кызматташууну көздөөдө
Кыргызстан Индиянын аскердик-деңиздик машыгууларына катышууда
20.02.2026 | 14:06
Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Тариэль Отонбаев баштаган Кыргызстандын Коргоо министрлигинин делегациясы «Милан-26» көп тараптуу аскердик-деңиздик машыгууларына жана Эл аралык аскердик-деңиз күчтөрүнүн кароосуна (IFR-26) катышууда. Иш-чаралар 17-февралдан 20-февралга чейин Индиянын Вишакхапатнам шаарында өтүүдө.
Сапардын алкагында Тариэль Отонбаев Индиянын Аскердик-деңиз күчтөрүнүн штаб башчысы, адмирал Динеш Кумар Трипатхи менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Индиянын ортосундагы аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтык маселелерин талкуулап, ошондой эле өлкөлөр ортосундагы мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн келечектүү багыттарын белгилешти.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат
Теги: Индия