Борбор Азия: стратегиялык таасир үчүн күрөшУКМК Чүй облусунда мыйзамсыз миграция каналын бөгөттөдүКыргызстанда майыптыгы бар адамдар үчүн жеке ассистенттердин саны көбөйдүМинКаб Төрагасы Кореянын Улуттук Жыйынынын делегациясы менен жолуктуКыргызстан менен Түркия саламаттык сактоо жаатындагы кызматташууну бекемдөөдөЭттин баасына мамлекеттик көзөмөл киргизилет
U-23: Азия чемпионатынын биринчи күнүндө балбандар 2 алтын, 1 күмүш жана 4 коло утту
28.06.2024 | 09:00
Иорданиядагы 23 жашка чейинки (U-23) спортчулар арасындагы Азия чемпионатынын биринчи күнүндө кыргызстандык грек-рим балбандары 2 алтын, 1 күмүш жана 4 коло утту.
Алтын медалды Аманат Самат уулу (67 кг) жана Нурманбет Раймалы уулу (97 кг) алып, Азия чемпиону болду.
Аркыт Орозбеков (130 кг) күмүш байге тагынды.
Ошондой эле Акыл Сулайманов (60 кг), Адилхан Нурланбеков (72 кг), Бекзат Орункул уулу (82 кг) жана Алибек Бердиев (77 кг) коло байгеге кол жеткизди.
Белгилей кетсек, Азия чемпионатынын биринчи күнүндө 7 кыргыз балбаны таймашка чыккан. Алардын баары байгелүү орундарга илинди.