Бишкек абанын булганышы боюнча 35-орунду ээледиОрусияда жол кырсыгынан 3 кыргызстандык каза тапты. Алардын бири 2 жашта болгонКыргызстан 5 гигаваттык күн жана шамал станцияларын курууну макулдаштыБайсалов: Окуу жайларда мамлекеттик тилге басым жасалат, бирок улуттук азчылыктарга эне тилин окутуу сакталат2026-жылы Кыргызстанда инвесторлор үчүн электрондук «бирдиктүү терезе» ишке киргизилетЖогорку соттун судьялыгына талапкер болуу үчүн 10 жылдык стаж талап кылуу сунушталууда
Ошто жол кырсыктан 1 адам каза болуп, 6 киши жабыркады
02.07.2024 | 13:00
Ош облусунда 1-июлда жол кырсыктан 1 адам каза болуп, 6 киши жабыркады. Бул тууралуу облустун Жол кыймылынын копсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Жол кырсык Ош – Раззаков жолунун 20-чакырымында болгон. Daewoo Nexia’нын 20 жаштагы З.Я. аттуу айдоочусу унааны башкара албай калып Hyundai Porter менен кагылышкан. Hyundai Porter’ди 45 жаштагы жаран (А.И.) башкарып бараткан.
Жол кырсыгынан Daewoo Nexia’нын 20 жаштагы жүргүнчүсү окуя жеринде көз жумган. Унаанын айдоочусу З.Я., 16 жаштагы А.Т., 21 жаштагы М.А. жана 19 жаштагы И.Ж. аттуу жүргүнчүлөр Ноокаттагы оорууканага жеткирилген.
Ошондой эле Hyundai Porter’дин айдоочусу А.И. жана 16 жаштагы жүргүнчү М.М. да ооруканага кайрылган.