Садыр Жапаровдун Тажикстанга болгон иш сапары аяктады – маанилүү учурларАгартуу министрлиги окуу китептерин иштеп чыгуу үчүн ачык сынак жарыяладыБооом капчыгайында беш күн таш түшүрүү иштери жүргүзүлөтЭми Tunduk аркылуу дарыгерди үйгө чакырууга болотБорбордогу автобустун айдоочуларына жүргүнчүлөргө сылык мамиле жасоо эскертилдиМанас шаарында кызга зомбулук көрсөткөн 38 жаштагы жаран камакка алынды
Белгилүү актер Стивен Сигал Кыргызстанга келди
02.07.2024 | 13:45
Белгилүү актер Стивен Сигал Кыргызстанга келди. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.
Анын айтымында, учурда актер Ысык-Көлдө жүрөт.
“Актер президент Садыр Жапаров менен Ысык-Көл жээгинде учурашып, кыскача баарылашты”, – деп жазды ал.
Эскерте кетсек, Стивен Сигал 2016-жылы Кыргызстанга Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына конок катары чакырылган. Андан кийин ал Көчмөндөр оюндарынын ыктыярдуу элчиси болгон. Ал 2017-жылы да Кыргызстанга келип кеткен.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом