Ала-Арча жаратылыш паркына дүйнөлүк стандарттагы родельбан курулатСадыр Жапаровдун Тажикстанга болгон иш сапары аяктады – маанилүү учурларАгартуу министрлиги окуу китептерин иштеп чыгуу үчүн ачык сынак жарыяладыБооом капчыгайында беш күн таш түшүрүү иштери жүргүзүлөтЭми Tunduk аркылуу дарыгерди үйгө чакырууга болотБорбордогу автобустун айдоочуларына жүргүнчүлөргө сылык мамиле жасоо эскертилди
Лейлекке учкан учак бузулуп, жолдон кайтып келди
02.07.2024 | 15:21
Кечээ күнү Бишкек-Раззаков каттамы менен учкан Tez Jet компаниясынын учагы жолдон кайтып, Бишкекке келген. Бул тууралуу маалыматты Reporter.kg’ге “Манас” эл аралык аэропорту ырастады.
Алардын маалыматында, учактын кыймылдаткычтарынын бири жакшы иштебей калгандыктан жолдон бурулган.
Жүргүнчүлөрдүн айтымында, самолёттун тетиктери күйгөн, тарсылдаган үндөр чыккан.
“Манас” Баткенге каттамдардын жадыбалы өзгөрбөгөнүн айтып, учуулар тууралуу толук маалымат алуу үчүн Tez Jet компаниясына кайрылууну суранды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом