Нарында “Кыргыз көчү” жана “Кыргыз даамы” фестивалдары өтүп жатат

13.07.2024 | 15:22

Бүгүн, 13-июлда Ат-Башы районунун Босого жайлоосунда “Кыргыз көчү-2024″ туристтик жана “Кыргыз даамы-2024” этно-фестивалы өтүп эатат. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, фестиваль ата-бабадан келе жаткан кыргыз көчүнүн маанисин жана кыргыз даамдарын даңазалаган театралдаштырылган оюн-зоок менен ачылды.

Иш-чара улуттук даамдардын, улуттук буюм-тайымдардын көргөзмөлөрү менен коштолуп, алар калыстардын сынына коюлат. Мындан тышкары, концерттик номерлер тартууланып, чебер класстар, спорттук оюндар маданий иш-чараны улайт.

[image_carousel source=”media: 212104,212105,212106,212107″ limit=”20″ slides_style=”photo” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”no”]

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top