Кыргызстан боюнча он күндө 85 тоннадан ашык кара куурай өрттөлдү

Кыргызстан боюнча он күндө 85 тоннадан ашык кара куурай өрттөлдү

Ушул жылдын июль айында “Мак-2024” операциясынын алкагында “Кара куурай” аталышындагы иш-чаранын биринчи этабы өткөрүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чаранын жүрүшүндө, Кыргызстандын аймагында жапайы өскөн кара куурайды жок кылуу максатында, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын кызматкерлери менен биргеликте 903 адамдан турган 90 бригада түзүлгөн. Республика боюнча жалпысынан 85 тоннадан ашык кара куурай орулуп, өрттөлгөн.

Алардын ичинен Бишкек шаары боюнча 3 га жерден 3 тонна, Чүй облусу боюнча 10 га жерден 27 тонна, Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча 27 га жерден 17 тоннадан ашуун, Талас облусу боюнча 2,5 га жерден 1 тонна 800 кг, Жалал-Абад облусу боюнча 100 га жерден 9 тоннадан ашуун, Ош облусу боюнча 6,5 га жерден 6 тоннадан ашуун, Баткен облусу боюнча 22,5 га жерден 7 тоннадан ашуун 400 кг кара куурай орулуп, өрттөлгөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>