БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Оштогу сел. Жабыркаган үйлөрдүн саны 788ге жетип, жоголгондор изделүүдө
15.07.2024 | 11:30
Ош облусунда кечээги селден жабыркаган үйлөрдүн саны 788ге жетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Андан тышкары, 4 мектеп, 1 бала бакча, 2 оорукана, 1 музей, 1 ФАПга суу кирген.
Ош шаары боюнча жабыркаган үй жана социалдык объекттердин саны өзгөргөн жок.
Калаадагы башкы базар тазалоо иштерине байланыштуу жабык.
“Шаар тургундары тазалоо иштерине жолтоо болбой, базар жакка келбей туруңуздар”, – дейт мэрия.
ӨКМ дайынсыз болуп жаткан 4 адамды издөө иштерин улантууда. Алар кечээ селга агып кетишкен.
Оштогу селдин кесепети. 500гө жакын үй, 10 мал, 17 унаа жабыркады
Рубрики: Жаңылыктар, Коом