Бул жакка эч кимди киргизишчү эмес! «Бишкек-Аренадагы» VIP-ложанын алгачкы кадрларыКыргызстан менен БУУ коопсуздук, тынчтык орнотуу багытындагы кызматташтыкты тереңдететСадыр Жапаров Түштүк Кореяга расмий сапар менен баратЖаратылыш ресурстары министрлиги калдыктарды кайра иштетүүчүлөрдүн реестрин түзүп, лицензиялоо иштерин жүргүзүүдөБул күндү бүткүл дүйнөнүн жаштары күткөн!Бишкектин Кронштадт көчөсү унаа кыймылы үчүн ачылды
Париждеги Олимпиадада Эрлан Шеров тууну көтөрүп чыгат
15.07.2024 | 11:18
26-июлда баштала турган Париждеги Олимпиаданын ачылуу аземинде Кыргызстандын туусун дзюдо боюнча Азия оюндарынын жеңүүчүсү, дүйнө чемпионатынын коло байге ээси Эрлан Шеров көтөрүп чыгат. Бул тууралуу маалыматты Reporter.kg’ге Маданият министрлигинин спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов ырастады.
Эрлан Шеров дүйнөдөгү 17 мыкты балбандын тизмесинде турат. Кыргызстан биринчи жолу Олимпиада оюндарында дзюдодо күч сынашат.
Белгилей кетсек, Токиодо өткөн эл аралык спорттук иш чарада тууну Каныкей Кубанычбекова менен Денис Петрашов көтөрүп чыгышкан.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт