Ысык-Көлдө масштабдуу ILBIRS FEST 2025 экологиялык фестивалы өтөтЫсык-Көлдө инвестициялар талкууланат: Кыргызстан менен Германия ири бизнес-форум өткөрөтАКШ 69 өлкө үчүн импорттук тарифтерди киргиздиӨКМ эскертет: Бишкек жана Чүйдө катуу шамал күтүлүүдөТажикстан Афганистанга электр энергиясын экспортоону чектейтСадыр Жапаров Казакстандын Тышкы иштер министри Мурат Нуртлеуну Чолпон-Атада кабыл алды
Садыр Жапаров Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен барат
17.07.2024 | 13:54
Президент Садыр Жапаров 18-19-июлда Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
Сапардын алкагында Жапаров коңшу мамлекеттин президенти Шавкат Мирзиеев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Алардын катышуусунда эки тараптуу долбоорлорду онлайн ишке киргизүү/ачуу аземи болот.
Ошондой эле Садыр Жапаров Кыргызстандын Өзбекстандагы маданият күндөрүнүн расмий ачылыш аземине катышат.
Андан тышкары Кыргыз-өзбек бизнес-форуму жана Кыргызстан менен Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун форуму сыяктуу бир катар иш-чаралар уюштурулат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом