Кыргызстанда 73 жаштагы бейтаптын жүрөгүнө уникалдуу операция жасалдыБишкекте Опера жана балет театрында өткөн пилатес сабагы коомдо нааразычылык жараттыЧүй облусунун 100дөн ашык окуучусу «Евразия» паркына бардыБашка бирөөнүн жерин саткан. Чүй милициясы алдамчылыкка шектүүнү кармадыБишкекте үч саатта жол эрежесин бузган айдоочуларга 465 миң сом айып салындыКыргызстан Африкага биринчи жолу элчи дайындады
Бишкекте жаран интим-видеосун чыгарам деп кыз кишини зордуктап жүргөн. Шектүү кармалды
17.07.2024 | 18:05
Бишкекте сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоого шектүү кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Буга чейин блогер Назира Айтбекова соцтармактагы баракчасына бир кыздын окуясы тууралуу маалымат чыгарган. Анда бир эркек 18 жаштагы кызды 2 айдан бери зордуктап жүргөнү, ал тууралуу туугандарына айта турган болсо, интим видеону интернетке чыгарарын айтып коркутуп келгени жөнүндө айтылган.
Аталган фактыга байланыштуу 156-берене (сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Бул ишке шектүү катары 37 жаштагы У.Р. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.
Иликтөө иштери уланууда.