«Кимчи»: Бишкекте корей маданиятынын жана улуттук ашканасынын фестивалы өтөтКыргызстанда суулуу-саздуу жерлерди коргоонун жана пайдалануунун жаңы эрежелери иштелип чыктыОшто медициналык борбордун курулушунан мыйзам бузуулар аныкталды«Тазалык» ишканасына чыккан газдар үчүн 92 миң сом айып салындыКыргызстан менен Өзбекстан электр энергиясын өз ара жеткирүү маселелерин талкууладыМээрим Жуманазарова күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
Ош жана Таласта ипотекалык үйлөрдүн курулушу башталды
17.07.2024 | 19:00
Ош жана Таласта ипотекалык үйлөрдүн курулушу башталды. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компания билдирди.
Таласта 2 гектар жерге беш кабаттуу 10 блокто 310 батирлүү үй курулат.
Үйлөр курулуп бүткөндөн кийин батирлер мамлекеттик турак жай программасынын катышуучуларына 4 жана 8 пайыздан жарандарга 15, 20, 25 жылдык мөөнөткө ипотекага берилет.
Ош шаарында Курманжан-Датка жана Сүйүмбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы “Асман резиденс №1 Ош” турак жай комплекстин курулушу башталды. Бул жерге 12 кабаттан турган 8 үйдүн курулушу пландалган, батирлердин жалпы саны 528.
Өлкө боюнча 12 659батирдин курулушу жүрүп жатат. «Менин үйүм 2021-2026» турак жай програмамсынын алкагында өлкө аймагында дагы 16 351батирдин курулушу башталат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом