Садыр Жапаров Тергөө комитетин түзүүнү жарыялап, УКМКга экономикага кийлигишүүгө тыюу салдыШвейцария Кыргызстандагы баштапкы медициналык-санитардык жардам реформаларын колдоону улантатАйыл чарбасына жасалма интеллектти киргизүү ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн алдыга озуп чыгуусун камсыздайт21-февраль: Көпчүлүк аймактарга жаан, кар жаайтАбдупата Маткаликов Эрнисбек Ормоковдун ордуна Манас шаарынын жаңы мэри болуп дайындалдыДастан Бекешев «TikTok» соцтармагын бөгөттөн чыгарууну суранып, УКМКга кайрылды
Оштогу сел агызып кеткен аялдын артында жети баласы калды
18.07.2024 | 10:04
Ошто базарда сел агызып каза болгон 39 жаштагы Айнагүлдүн артында жети баласы калды. Алардын алтоосунун жашы жете элек. Бул тууралуу Акыйкатчы институту билдирди.
Укук коргоо уюмунун Ош облусу боюнча өкүлчүлүгү каза болгондордун жакындары менен жолугуп, туугандарына укуктук жана юридикалык колдоо көрсөтүүдө.
Белгилей кетсек, маркумдун 2 күндөн кийин Өзбекстандын аймагынан табылды. Күйөөсү министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдон аялынын жасаты табылганча суу каналдарын ачпай туурууну өтүнгөн.
14-июлда болгон селде 5 киши көз жумду. Алардын төртөө – бир үй-бүлө мүчөлөрү.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом