Бишкектин «Мурас Ордо» конушунда 29-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтСадыр Жапаров Түркияга иш сапары менен баратАйпери Медет кызы Астанадагы Дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөтЭксперт: Кыргызстан бир нече жыл бою Россиядан күйүүчү май албай калышы мүмкүнКанат Эшатов: Кыргызстанда күйүүчү майдын чекене баалары жыл аягына чейин өзгөрбөйтКыргызстан менен Катардын ортосунда Ишкерлер кеңеши түзүлөт
Бишкекте тургундун үйүнө ууру кирип, 34 млн сомун көтөрүп кеткен (видео)
18.07.2024 | 09:33
Бишкекте 34 млн сом уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, 8-июлда милицияга шаар тургуну арыз менен кайрылган. Ал билдиргендей, белгисиз адам анын үйүнө кирип, 34 млн сом акчасын уурдап кеткен.
Бул факт боюнча “уурулук” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө бул ишке шектүү катары 28 жаштагы Т.Б. аттуу жаран кармалган. Ленин райондук сотунун чечими менен ал тергөө аяктаганча №1 тергөө абагына камакка алынган.
Милиция билдиргендей, шектүүнүн үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, 4 млн 386 миң сом табылып алынган.
Иликтөө иштери уланууда.