Бишкектеги Тез жардам ооруканасын жана №9 ҮМБны капиталдык оңдоого 182 млн сом бөлүндүЖаан, кар жаайт: 5-мартка карата аба ырайыБыйыл Бишкекке 2 млн бир жылдык гүл отургузулатМурат Бейшенов: Эл аралык укук жоголуп, эл аралык күч гана калдыЖогорку Кеңеште тилемчилик үчүн жоопкерчиликти караган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алындыЖККУда аскердик түзүмдөрдү жана продукцияларды ташуунун жаңы эрежелери күчүнө кирди
Ноокатта кайра сел жүрдү (видео)
23.07.2024 | 17:54
Ош облусунун Ноокат районунда сед жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Кара-Кой жана Калдай айылындагы Мурдачы жайлоосунан келген сел суулары 2 боз үйдү, Тельман – Кара-Кой ички чарбалык жолунун 25-чакырымын каптаган. Анын айынан жол жабылган.
Жерине Ноокат райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ жана айыл аймагынан экскаватор тартылган.
Белгилей кетсек, быйыл аба ырайы жаанчыл болгондуктан, аймактарда улам сел жүрүп жатат. Буга чейин Ноокатта сел жүрүп, үйлөрдү каптап, бир нече адамдын өмүрүн алган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом