ЕАЭБ соту Кыргызстандын суроо-талабы боюнча мигранттардын үй-бүлөлөрү үчүн медициналык камсыздандыруу эрежелерин түшүндүрдүБишкектин борборунда унаа токтотуучу жайлар акылуу болушу мүмкүн: тарифтер саатына 50 сомго чейин жететКореялык ишкана Кыргызстанда 300 электр кубаттоочу станция орноштуратЕЭК жана КМШ евразиялык мейкиндиктеги транспорттук коридорлорду өнүктүрүү боюнча кызматташтыкты чыңдоодоЧүй облусу экономикалык лидерлик статусун бекемдеди: өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 355 млрд сомго жеттиӨзбекстандын экономикасы 2026-жылы 7 пайыздык деңгээлде өсөрү болжолдонууда
Азия чемпионаты (U-20): Балбан кыздар 2 күмүш жана 2 коло утту
24.07.2024 | 10:20
Кыргызстандык балбан кыздар 20 жашка чейинки (U-20) спортчулар арасында Таиландда өткөн Азия чемпионатында 4 медаль – 2 күмүш, 2 коло утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Күмүш байгени Таңчолпон Кыбалбекова (62 кг) жана Кайыргүл Шаршебаева (72 кг) утту.
Ошондой эле коло медалга Айтолкун Медет кызы (59 кг) жана Гүлнура Таштанбекова (68 кг) татыды.
Курама команда мелдешке улук машыктыруучу Байгазы Кенжебаевдин жетекчилиги алдында катышты.